"Баланын бутун тиштеп алган". Казакстанда карышкыр балалуу аялга кол салган
Чыгыш Казакстан облусунун Маралды айылында карышкыр кичинекей балалуу аялга кол салган. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, аял көчөдөгү малын короого киргизүү үчүн кичинекей баласы менен чыккан учурда карышкыр келип кол салып, баланын бутун тиштеп алган. Ошол учурда аялдын күйөөсү чыгып калып, карышкырды айры менен сайып өлтүргөн.
Эне менен балага дарыгерлер тиешелүү жардамдарды көрсөтүшкөн. Ошондой эле карышкырдан кутурмага каршы анализ алынган.
Куткаруу кызматынын кызматкерлери карышкырдын жалгыз болгондугун айтышкан. Ал оорулуу же болбосо жарадар болуусу мүмкүн, ошол себептүү аң уулай албай калган деп божомолдошкон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
1:54
2025-07-02

21:12
2025-07-01
20:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Mr.altynbek

03.02.2021. 06:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаныбарларды укугун коргойбуз,биз айоосуз айры мн олтурулушуно каршыбыз деген НПО тер чыкпаса эми
Mubarak

03.02.2021. 10:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйоосу уйундо екенго малды озу караса болмок екен аялы баласын карамак
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.