super.kg logo

Баткен облусуна 9 "Тез жардам" унаасы берилди

 

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында, Ислам банктын COVID-19 долбоорунун алкагында, Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 9 "Тез жардам" унаасы берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Тез жардам" унааларын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов тапшырып, саламаттыкты сактоо тармагынын материалдык техникалык базасынын чыңдалышы, жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө өбөлгө болорун белгилеген.

"Ошондой эле алдыда "Тез жардам" унаасына болгон муктаждыкты жеңилдетүү аракеттери уланарын кошумчалады. Бүгүнкү атайын техникалар Баткен районунун Таян, Бужум, Кадамжай районунун Марказ, Халмион, Лейлек районунун Тогуз-Булак, Катыраң, Айдаркен шаардык жана Сүлүктү шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлоруна тапшырылды. Бүгүн тапшырылган техникаларды эсепке алганда облуста "Тез жардам" унааларынын саны 53тү түздү. Бирок дагы деле муктаждык бар. 2020-жылы облуска мамлекет тарабынан 8, демөөрчүлөрдүн эсебинен 9 "Тез жардам" унаасы алынган", - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.02.2021. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Демоорчулорго да рахмат.Тапкан кирешенерге береке берсин.Адалдан тапканынарды жакшылыктарга иштеткиле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: