super.kg logo

Борбор калаада коомдук транспорттордун санитардык абалы текшерилүүдө

 

Бишкекте коомдук транспорттордун санитардык абалы текшерилүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, текшерүү иш-чарасына шаардык транспорт башкармалыгы, патрулдук милиция кызматы, Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы транспорттук инспекциянын жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери катышты. Анда автобустардын, троллейбустардын жана кичи автобустардын санитардык абалы текшерилди.

"Биз коомдук транспорттун салондорундагы санитардык абалын, тазалоочу каражаттардын болушун жана бет кап режиминин сакталышын текшерип жатабыз.

Пандемиянын шарттарын бузгандарга эскертүү берилет, эгерде кайталап мыйзам бузулган болсо Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык административдик протоколдор түзүлөт", - деп жазылат маалыматта.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: