super.kg logo

Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери Абылгазиев, Сегизбаев, Дыйканбаевден кабар алышты

 

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери СИЗОдо отурган мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев жана президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон кабарлашты.

Белгилүү болгондой, анда УКМКнын СИЗОсунда камалгандардан, анын ичинде жогоруда аталган адамдардан кыйноолор, катаал мамилелер жана камакта кармоо шарттары боюнча эч кандай арыз түшпөгөнү айтылды. Зарыл болгон учурларда медициналык жардам убагында көрсөтүлүп жатканы кошумчаланды.

"Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери камерага барган учурда Тажикстандын жана Казакстандын жарандары УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болуп, камакта кармоо мөөнөтүн бузгандыгы аныкталды. Аларда ПЦР тесттин жыйынтыгы жок болгондуктан Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге өткөрүлүп берилбей турганы маалым болду", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: