super.kg logo

35 жаштагы Исма Рахим дээрлик 5 жылдан бери дайынсыз болуп изделүүдө

 

Бишкекте 35 жаштагы Исма Рахим Щимеевич дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 5 жылдан бери дайынсыз болуп жатканын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, изделип жаткан жаран 2016-жылы март айында Москва районундагы унааларды техникалык оңдоочу жайдан чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: бою болжол менен 165-170 сантиметр, арык чырай, чачтары кара, кыска, көздөрү күрөң.

Үстүндө кийип жүргөн кийимдери көк түстөгү жынсы күрмө, спорттук шым, ак түстөгү спорттук бут кийим.

Өзгөчө белгилери: оң кашынын үстүндө тырыгы, сол колунда терең кесилген жарааттын изи бар.

Сүрөттөгү жаранды көрүп-билгендер болсо, маалымат берүүнү милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0708 89 13 14.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: