super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан сутка ичинде 15 миңге чукул адам каза болду

 

Бүгүн, 3-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 103 миллион 841 миң 974 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 57 миллион 623 миң 12 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 251 миң 491 (+14932) адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 26 миллион 430 миң 237 болду. 446 миң 731 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 766 миң 245 адамдан аныкталды. 154 миң 486 адам каза болсо, 10 миллион 448 миң 406 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 9 миллион 283 миң 418 адам вируска кабылган. 226 миң 309 бейтап көз жумса, 8 миллион 258 миң 74 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: