Кеминде жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz сүзүшүп бир эркек киши каза болду
Чүй облусунун Кемин районунда жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалары сүзүшүп, бир эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-февраль күнү саат 19:45 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 80-чакырымында MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 1 адам жабыркаган.
ӨКМнын №5 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМдин кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркаган жаран "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.