super.kg logo

"Антпесе ызы-чуу бүтпөйт, жол тыгын күчөйт". Өзгөндө заманбап муниципалдык базар курулмай болду

 

Өзгөндө заманбап муниципалдык базар курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов "Ѳзгөндө муниципалдык базар курууну баштагыла, антпесе ызы-чуу бүтпөйт, жол тыгын күчөйт. Мэрия силер шаардыктарга да, соодагерлерге да шарт түзүп берүүгө милдеттүүсүңөр. Ошол эле базардагы соодагерди өнөктөш кылгыла. Аны эсептеп чыгууга чоӊ илимдин кереги жок. Мен зарыл болсо ар бир айда келип кабар алам, кеӊеш берем. Ошону тездетебиз! Бул кооптуу, көрүмсүз, баш-аламан базар шаардын көркүн бузбоого тийиш", - деп билдирген.

Ѳзгөн базары 1986-жылы курулган, 1990-жылдары менчиктештирүү иштери башталган. Сот процесси бир нече жолу болуп, көпчүлүк документтер табылбай бир нече тарап талашып чуу жаратып, салык жашырылып, коопсуздук эрежелери бузулган. Эӊ чоӊ көйгөй - жол тыгындарын жаратып ыӊгайсыздык жаратууда. Мындан сырткары, Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов инвестор тартуу боюнча сүйлөшүп жатканын заманбап 4 жылдыздуу мейманкана курууга инвестор бар экендигин, ал үчүн жакшы жер чечүү жагын тиешелүү тараптарга тапшырганы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.02.2021. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн туура
03.02.2021. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жолду ачкылачы.Ошко жетейин дегенде,Өзгөндүн базарынан өтө албайсың,тыгындан.
03.02.2021. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Базарды жылдырыш оной эмес, Базарды айланып ошко кеткени жол салыш керек, саат кечки алтыда барсан кеим 30мин пропкада турабыз
03.02.2021. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жер жерлерге базар ачыш керек чон базарды жаап салып.
04.02.2021. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолду шаардын четинен алып отсо болбойбу.Каалаган ичине кирип базарлыгын кыла берет эле.Таксистерге да жумуш табылат эле.Пробкада Кыргызстанда турган жаман экен.Машина менен жоо баскан адамдар жарышат ко тим эле.Зорго чыгып кеттик шаардан.Алыскы жолго жургондорго кыйын экен.Ошон учун экен да таксисттер туну чыгат экен,Баткен Бишкек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: