Салык кызматы: "Өлкөдө тамекиге болгон салык кымбаттайт"
Тамеки буюмдарына акциз салыгынын ставкалары жыл сайын жогорулашына ылайык, 2021-жылдын январынан тартып тамекиге акциздин жаңы ставкалары белгиленгенди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
"Чыпкалуу жана чыпкасыз сигареттин, ошондой эле папиростун 1000 даанасына акциз салыгынын ставкасы 1750 сомдон 2000 сомго чейин жогорулады, 2022-жылдын 1-январынан тартып бул сумма 250 сомго жогорулайт.
1 миң даана сигариллага акциз салыгынын суммасы 2020-жылы 1220 сом болсо, быйыл 1400 сомду түздү, 2022-жылы 1610 сомду түзөт. 1 даана тамекиге акциздин суммасы өткөн жылга салыштырмалуу 25 сомго жогорулап, 175 сомду түздү, 2022-жылы дагы 25 сомго жогорулайт.
1 килограмм тамекиге жана ысытылуучу тамеки буюмдарына салыктын суммасы 2020-жылга салыштырмалуу 90 сомго жогорулап, быйыл 700 сомду түздү, ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып 800 сомду түзөт.
Электрондук сигареттер үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктукка акциз салыгы 1 сомдон 1,25 сомго чейин жогорулады, 2022-жылдын 1-январынан тартып 1,5 сомду түзөт", - деп билдиришти салык кызматынан.
Жыл сайын акциз салыгынын ставкасын жогорулатуу өлкөнүн жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында акциздин ставкаларын айкалыштыруу максатында каралган.
