super.kg logo
  Саясат  

Улукбек Марипов: "Биз жаңыча иштөөгө, жаңыча ой жүгүртүүгө баарыбыз даяр болушубуз керек"

 

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы каралууда. Көпчүлүк коалиция тарабынан премьер-министрликке талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Улукбек Марипов эл өкүлдөрүнүн алдында сөз сүйлөдү.

Анын айтымында, сунушталып жаткан өкмөттүн курамы депутаттардын колдоосун тапса, анда жоопкерчиликти толук моюнга алып, кечиктирилгис иш-аракеттерди көрүүгө даяр.

"Менин премьер-министрлик кызматка талапкерлигимди көрсөткөн көпчүлүк коалицияга ыраазычылык билдирем. Урматтуу депутаттар, сиздердин карооңуздарга өкмөттүн иштеринин негизги багыттарын, түзүмүн жана курамын сунуштап жатабыз. Албетте, Жогорку Кеңеш колдоп берсе, жаңы өкмөт жоопкерчиликти моюнуна алып, кечиктирилгис иш-аракеттерди аткарууну жүзөгө ашырып баштайт.

Биз жаңыча иштөөгө, жаңыча ой жүгүртүүгө баарыбыз даяр болушубуз керек. Өлкөбүздө узак мөөнөткө өнүгүүгө карай жакшы шарт түзүлдү. Сиздер тараптан пикирлер, сунуштар болсо кабыл алууга даярбыз. Биз программабызды өнүгүүнүн негизги багыты деп атадык. Акыркы 10 жылдыкта өлкөбүздүн экономикасы жылына 3 жарым 4 пайызды көрсөтүп жатты. Бул албетте начар көрүнүш. Бюджеттин тартыштыгы 30 миллиард сомго жакындады. Бул бир гана пандемиянын кесепети эмес, бул башкаруу системасынын начар экенинен да кабар берет.

Эң оболу ички дүң продукциянын көлөмүн кескин көбөйтүү, жакырчылыктын деңгээлин кыскартып, ар бир жарандын кирешесин, орточо айлык акысын, пенсиясын көтөрүү, билим алуу, медициналык тейлөө сапаттарын жакшыртуу биздин негизги багыттарыбыз болуп саналат. Мындан сырткары пандемия көрсөткөндөй, азык-түлүк коопсуздугун түзүү, инвестицияларды тартуу да маанилүү маселе", - деди Марипов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: