super.kg logo

Тилек Токтогазиев министрликтен кеткенден кийин эмне менен алек болорун айтты

 

Бүгүн, 3-февралда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев 100 күндүн ичинде жасаган иштери тууралуу маалымат жыйын берүүдө.

Анда журналисттер министрге анын жаңы өкмөттүн курамында жок экендиги тагыраагы министрликти өткөрүп берүү тууралуу оюн сурашты.Тилек Токтогазиев жаңы министр менен буга чейин иштешип жүргөнүн айтып, президенттин чечимин сыйлаарын билдирди.

"Бул саясий чечим, эми кандай болот аны убакыт көрсөтөт. Мен Аскар Жээнбеков байкебизди тааныйм. Ал киши дагы биз башкарып кеткен реформаны улантып кетет деген үмүттөмүн. Ал киши биздин команданын өнөктөшү катары иштешип калдык. Документтерди, биз аткарган ишти толугу менен өткөрүп бергенге даярбыз. Президенттин чечимин дагы сыйлай билиш керек. Мен жаңы министрге ийгилик гана каалайм, иштешүүгө даярмын.

Айыл чарба министрлиги боюнча алардын бекиткен программасы туура деп эсептейм. Мисалы башка министрликтер биригип кеткенин байкап жатабыз. Ал эми дал ушул айыл чарба министрлигинин кеңейтилиши бул жакшы нерсе. Мен биз дагы салым коштук деп ойлойм", - деди ал.

Ошондой эле ал мындан ары эмне менен алек боло турган планын айтып, үй-бүлөгө убакыт бөлүүгө, убактысын балдары менен эс алууга арнай турганын кошумчалады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
03.02.2021. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азамат, 6млн адамга жагыш кыйын, кантсе да озунун алы жеткенинче аракет кылды,алдап элдин оозун жаап убактылуу койгон экен да, эми ордуна кайра эле мурунку тойбостордон бирди коет
04.02.2021. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тилек молодец колдоймушуну
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: