super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" боюнча элди сабырдуулукка чакырды

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" боюнча элге кайрылуу жасады. Төрага белгилегендей, парламент "Кумтөр" маселесин өткөн аптада кароону баштаган, талкуу 9-октябрда уланат.  

“Бул маселе боюнча буга чейин өкмөт канадалык тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Эми мыйзамдуу чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алат, чечим кабыл алууда мыйзамсыз кысым көрсөтүүлөргө жол берилбейт. Кыйын кырдаалдан пайдаланып, элди баш аламандыкка түртүү менен өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөгөн көрүнөө да, көмүскө да күчтөр жок эмес. Биз муну эгерим эстен чыгарбоого тийишпиз",- дейт төрага. Жээнбеков Кыргызстандын бакубат келечегин ойлогон бардык мекендештерди сабырдуулукка чакырып, кандай гана татаал маселе болбосун, ал өз билемдик жол менен эмес, мыйзам алкагында чечилиши керектигин айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: