UFC: Валентина Шевченко март айында бразилиялык мушкерге каршы беттешиши мүмкүн



UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко жазында жеңил салмак боюнча рейтингде биринчи орунда турган бразилиялык мушкер Жессика Андраде менен беттешиши мүмкүн. Бул тууралуу бразилиялык мушкердин машыктыруучусу Гиллард Парана чет элдик спорттук басылмаларга билдирген.
"Жакын арада Шевченко менен Андраде беттешеби? Бул эки мушкер сөзсүз түрдө беттешиши керек. Биз UFC уюмунан беттешти март же апрель айларында өткөрүүнү суранып кайрылдык", - деген Парана.
22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 255" турниринде Валентина Шевченко бразилиялык Женнифер Майяны утуп, чемпиондук курун төртүнчү ирет коргоп калган. Ал эми Жессика Андраде октябрь айында америкалык мушкер Кэтлин Чукагяндын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.