Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата “5 акын” долбоору кайрадан эфирге чыгат

Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “5 акын” долбоорун кайрадан эфирге алып чыгат. Бул тууралуу жазуучулар союзунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул боюнча бүгүн, 3-февралда төрага Нурлан Калыбеков, Кыргыз өлкөсүнүн “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмундагы өкүлү Кожогелди Култегин, КТРКнын башкы директору Бактияр Алиевдер жолугуп сүйлөшүшкөн жана долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча түзүлгөн үч тараптуу келишимге кол коюшкан.
"Буга чейин 2 ирет өткөрүлүп, көрөрмандардын купулуна толгон долбоор жакынкы аралыкта кайрадан жанданат", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.