super.kg logo
  Саясат  

Депутат Азамат Арапбаев Токтогазиев боюнча: "29 жаштагы айыл чарбаны түшүнбөгөн баланын сунушу менен малды экспортко чыгарууга бөгөт койгонуңар туура эмес"

 

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов тааныштырып жатат.

Депутат Азамат Арапбаев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев тууралуу сөз сүйлөдү. "Буга чейин иштеп келе жаткан айыл чарба министри жаш жигит. Кечээ жакында жандыктарды сыртка чыгарууга бөгөт койду. Ошол туурабы?" - деп сурады депутат.

Марипов: "Ал министр боюнча менин оюм жакшы. Кечээ чыксам журналисттер Токтогазиев кайда барат деп сурап жатышат. Тажрыйбасы колдонулат. Анын жасаган ишин эки жактуу караш керек", - деди.

Депутат: "Бизде 65 пайыз айылдын тургуну. Айылдын турмушун жакшы билесиз. 29 жаштагы айыл чарбаны түшүнбөгөн адамдын ою менен жандыктарды экспортко чыгарууга бөгөт койгонуңар туура эмес", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: