super.kg logo

Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги Ноокен эли менен жолугушту

 
Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги Жалал-Абад шаарынын жана Ноокен эли менен жолугушту. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул жолку элдик жыйын Ноокен районунун Достук айыл аймагында болуп өттү. Элдик жыйын учурунда милициянын өткөн жылы аткарган жумуштары тууралуу маалыматтар берилип, суроо-жооптор орун алды.
"Алгач участкалык инспекторлордун жыл ичинде аткарган жумуштары тууралуу баяндама берилип, кетирилген кемчиликтерди жоюу тапшырмалары коюлду. Ошондой эле шаар аймагында тилемчилик кылгандарды текшерүү зарылдыгы белгиленди. Негизинен жыйындын катышуучулары тарабынан милиция кызматкерлеринин аткарган жумуштары канааттандырарлык деп бааланып, пандемия учурунда да өз өмүрлөрүн тобокелге салуу менен талыкпастан кызмат өтөшкөндүгү айтылды.
Курманбек аймактык башкармалыгында 28 миңден ашуун калк жашайт. Бул аймакты 5 милициянын участкалык инспекторлору жана 2 жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор тейлешет. Алар 2020-жылы 20 уурулук, 2 автотранспорт каражаттарын айдай качуу жана 7 тоноо фактысынын бетин ачышкан", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: