super.kg logo

Ырчы Калыс Жакыповдун "Баары мүмкүн" ыры "Супер хитке" кошулду. Сүйүктүү чыгармаңызга добуш бериңиз

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Калыс Жакыповдун "Баары мүмкүн" ыры кошулду.

Калыс Жакыпов казак ырчыларына таандык ырды интернеттен көрүп калып, кавер аткарып койгонун айтат. Кыргызча текстти Жибек деген кыз жазганын билдирди.

27-ЯНВАРДАН 3-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Айганыш Абдиеванын "Сен менде ганасың" аталышындагы клиби эң аз добуш топтоду.

9-орунга - Мурадил Данияровдун "Болбой эле" видеокомпозициясы жайгашты.

8-орунду - Эрлан Андашевдин "Ыйлаба" аталышындагы ыры ээледи.

7-орун - Айгерим Расул кызынын "Роза" чыгармасына буюрду.

6-орунга - Аваз Акимовдун "Элегант" аталышындагы чыгармасы жайгашты.

5-орунду - Мирлан Баековдун "Өксүк ыры" аталышындагы клиби ээледи.

4-орунду - Анжеликанын "Бакытым" чыгармасы камсыздады.

3-орун - Айбек Замировдун "Это любовь" видеоклибине буюрду.

2-орунду - Тата Уландын "Келатат жаштар" чыгармасы камсыздап, алдыңкы үчтүктөн орун алды.

1-орун - Кызсайкалдын "Атыңыз жашайт жүрөктө" клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: