"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Сузактагы мектепте ысык тамакка акча сурап жатышат " дейт окурман. Бул боюнча тийиштүү мекеменин жообу
SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Сузак районунун жашоочусу "Азыркы учурда мектептерде ысык тамакка акча чогултулабы? Ушул боюнча таң калып жатам. Мисалы, Сузак районунун Б.Калимбетов атындагы №94 мектепте айына 150 сомдон ысык тамакка акча чогулткула деп жатат. Садыр авам коррупцияны мектептен баштадыбы, билип берсеңиздер", - деп кайрылган атын атагысы келбеген окурман.
Бул маселе боюнча тийиштүү мекемеге кайрылганыбызда, төмөндөгүдөй жооп алдык.
"Аталган мектеп ПРООН программасынын алкагында ушул жылдын январь айынан тарта ысык тамак берүүгө өткөн. Ар бир балага күн сайын 11 сомдун тегерегиндеги каражат сарпталат. Анын 7 сому мамлекет тарабынан бөлүнсө, калган сумманы ата-энелер тарабынан берилүүсү боюнча жыйын өткөрүлүп макулдашылган. Бирок ал айына 100 сомдон деп бекитилген", - деди өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нурайым Турдумаматова.









1 |