super.kg logo

ИИМ:"Орусияда дайынсыз жоголгон 5 адамдын бири каза болгон болсо бири баңгизат менен кармалган"

 

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү ушул жылдын январь айында дайынсыз жоголгон 5 жаранды тапты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь айынын башында 7 жаран кайрылып, Орусия аймагында эмгектенип жүргөн туугандары дайынсыз жоголуп, байланышка чыкпай жаткандарын билдиришип, аларды издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан.

"Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында туугандары издеп жүргөн 5 жаран табылган. Алардын экөө узак убакыттан бери туугандары менен байланышка чыкпай жүрсө, 1991-жылы туулган К.К. аттуу жаран жумушун алмаштырып, телефонун өчүрүп салган. Ал эми С.А. аттуу жаран Москва шаарынын аймактык ооруканаларынын биринде жандандыруу бөлүмүндө ээсин жоготкон абалда болгон. Андан соң эсине келбей каза болгон. Туугандары өлүктү таанышып, андан соң мекенине жөнөтүшкөн. Дагы Т.А. аттуу жаран баңгизат менен Липецк облусунун аймагында кармалган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: