Кадамжайда шахтада өрт чыгып 243 баш кой, эчки күйүп кетти




Кечээ, 3-февралда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда болжол менен саат 12:00 чамасында Сурьма комбинаттын аймагындагы иштетилбеген шахтадан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган шахтанын ичин жергиликтүү тургундар мал кармоого пайдаланып келген. Өрттүн кесепетинен 243 баш кой, эчки өлгөн.
"Окуя болгон жерге ӨКМнын №3 куткаруучу тобу тартылган. Куткаруучулар тосмо орнотуп, тургундардын макулдугунун негизинде 243 баш кой, эчкини шахтанын ичинде көмүп кетишкен. Жабыркаган жана каза болгон адамдар жок", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.