super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Өкмөттүн ишине каршы митинг өттү

 
Шаардын борбордук аянтына илинген плакаттар
Эл Нарын облусунун климаттык шарты катаал, 6 ай кыш болорун айтышты
Кумтөргө байланыштуу маселелер да козголду
Айлык маянага кошулган 50 пайыздык кошумча төлөмдүн алынып салынышы тууралуу долбоор элдин кыжырын кайнатууда дейт мугалимдер
Алгач чогула баштаган эл. Жарым саатан кийин 100дөн ашып кетти
Уюштуруучулар чакырыктарды тагышууда
Электр энергиясына болгон төлөмдүн кымбатташы Нарын эли үчүн эң чоң сокку дейт жергиликтүү жашоочулар.
Митингге чогулган эл
Өкмөттүн облустагы өкүлү эл аралап көйгөйлөрүн угуп жүрдү
Митингке чогулган элдин саны 200гө жакындады.
Митингдин катышуучуларынын көпчүлүгү мугалимдер
Өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Мурат беков элге чыгып жооп берди.
Нарын шаарындагы митингден бир көрүнүш
Сөз алып сүйлөгөндөрдүн катарында кары адамдар, шаардык депутаттар жана профсоюздук уюмдун мүчөлөрү болду
Нарын шаарындагы митингден бир көрүнүш
Митингке келгендер коюлган талап боюнча бийликтин жообу 10 күндүн ичинде билдирилсин, болбосо кайра уланта беребиз деп кабарлашты
Митинг аяктап эл тарай баштады

Нарын шаарынын борбордук аянтында бүгүн, 8-октябрда митинг өттү. Талаптары: Бийик тоолуу аймак катары Нарын облусуна берилген 50 пайыздык жеңилдикти жоюуну токтотуу, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун кызматтан кетиши жана "Кумтөрдөн" түшкөн пайданын 1 пайызынын Нарын облусуна бөлүнүп берилишин ишке ашыруу. Топтолгондор эгер талаптары аткарылбаса, 10 күндөн кийин кайра митингге чыгышарын айтышты. Алар облус калкы буга чейин коммуналдык кызматтар үчүн 50 пайыздык жеңилдиктерди, айлык маяна үчүн кошумча төлөмдөрдү алып келишкен. Бирок Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги бул жеңилдикти жоюу боюнча мыйзам долбоор иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштаганын айтып нааразычылык билдиришти.  

Белгилей кетсек, буга чейин экономика министри Темир Сариев "Кумтөрдөн" түшкөн каражаттын 1 пайызы Нарын облусунун элине жардам катары бөлүнө тургандыгын айткан. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: