Жакынкы чыгыштагы жаңжал болуп жаткан аймактарга адамдарды жөнөтүү үчүн акча чогултуп жүргөн жаран кармалды
УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын ишин каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз жараны А.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 1-февралында кармалган.
Такталгандай, кармалган адам жакынкы чыгыштагы куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактарга адамдарды жөнөтүү үчүн акча каражаттарын чогултуп жүргөндүгү аныкталды.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.