super.kg logo

"Саясаттагы олку-солкулук, экологияга терс таасирин тийгизүүдө". Экологдор президентке кайрылуу жолдошту (видео)

 

Бүгүн, 4-февралда Жашыл Альянс экологиялык бирикмесинин жетекчи жана мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Айтымдарында, алар өкмөттүн жаңы түзүмүнүн экологиялык тобокелчиликтерине нааразы болуп жатышат.

Эколог Анара Султангазиева саясаттагы олку-солкулук жана туруксуздук жашыл экологияга терс таасирин тийгизип жатат дейт.

"Токойлорду кыйганга болбойт, Кыргызстан токойсуз калуу коркунучунда турат. Чач ал десе, баш ал деген саясаттан арылбай койдук. Өкмөт туруктуу иштей албай, биздин иш алдыга жүрбөй жатат. Баарына сереп салып, анализ менен иш кылышпайт.

Негизи экология агенттигинин министрликке көз каранды эмес мекеме кылыш керек болчу. Биз айлана- чөйрөбүздү сакташыбыз керек. ӨКМге бербей жатыптыр, экология жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсун. Биздин жашообуздун деңгээли түшүп, жаныбарлар менен кошо кырылып баштасак эмне болот? Айлана-чөйрө негизи гормоналдуу жаралган, биз аны бузбашыбыз керек", - деди Султангазиева.

Ал эми Жашыл Альянс экологиялык бирикмесинин мүчөсү Арстан Кадыров жайыттарга бак-дарактарды өстүрүү учурдун талабы болуп турганын айтты.

"Айыл чарба багытында 9 миллион жайыт бар. Азыр ал пайдалануудан чыгып кетип жатат. Ал жер аянтына бак-дарак отургузуу керек. Бул экономикалык эле эмес, экологиялык көйгөй. Айлана-чөйрө мамлекеттик агенттиги ӨКМге кошулуп жатат. Биздин көз карашыбыз боюнча бул өтө көйгөйлүү маселе. Ошондуктан биз өкмөткө кайрылуу катын жолдодук, катыбызга оң жооп болбосо, анда экология өлөт", - деди ал.






Экологдор президентке кайрылуу жолдошту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: