super.kg logo

УКМК Жогорку Соттун төрайымынын үстүнөн дагы бир сотко чейинки өндүрүш ишин баштады

 

Республиканын сот тутумундагы мыйзамсыз аракеттерди аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, УКМК сот өкүлдөрү тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыларды аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот органдарынын айрым өкүлдөрү жеке кастык мамиледен улам, кызматтык абалынан пайдаланган судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу максатында, интернетте алардын беделин түшүргөн видеоматериалдарды таркаткандыгы аныкталды.

"2020-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда прокурор менен соттолуучунун видеосу интернетке жарыяланган. Андагы талаш-тартыш социалдык тармакта сот бийлигине болгон терс пикирлерди жараткан.

Бул видеодон кийин Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева аталган судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу максатында соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына сунуш киргизип, эскертүү берген.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Свердлов райондук сотунун экс-төрагасы И.Ж. бул окуяга түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталган. Анда ал кеңседеги соттук отурумдарды тарткан компьютерден видеону телефонуна тартып алган. Андан соң өзүнө жакпаган судьянын иш-аракеттерин, соттук отурумга келген катышуучуларга орой мамиле жасоодо деген максатта соттолуучунун үнүн видеодо атайлап азайткан.

Бирок бул фактыларга карабастан Жогорку Соттун төрагасы Гүлбара Калиева судья И.Ж.га мыйзамдуу чараларды көрүүнүн ордуна бул фактыларды кызматтык иликтөө учурунда жашырган. Чогултулган материалдар боюнча УКМКнын кызматкерлери 3-февралда сотко чейинки өндүрүш ишин башталды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: