super.kg logo

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин өмүр баяны

 

3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы жактырылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 1967-жылы 18-майда Талас областынын Кара-Буура районуна караштуу Бейшеке айылында туулган. Ал 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Унаа жана унаа чарбалык» автоунаа куруу бѳлүмүн аяктаган, ал эми 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык бѳлүмүн бүтүргөн.

2004-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын ийгиликтүү аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

1992-1995 - жылдары - Кыргыз Респуликасынын илимдер Академиясында алгачкы ишмердигин баштаган.

1995-1996 - жылдары – Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгында - үчүнчү жана экинчи катчы болуп эмгектенген.

1996-1999 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия) Башкы консулдун орун басар кызматында иштеген.

1999-2005 - жылдары - Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматтын башкы башкармачылыгында – башкармачылыктын жетекчиси болуп иштеген.

2005-2009 - жылдары - Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы (Түркия) Башкы консул кызматында иштеген.

2009-жылы январь-октябрь – Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалган.

2010-жылы апрель – Кыргыз Республикасынын Убактылуу ѳкмѳтүнүн Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу кызматына дайындалган.

2010 - 2012 - жылдары – Тышкы иштер министри кызматында иштеген.

2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2020-жылы тышкы иштер министри.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.02.2021. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иш тажрыйбасын карасан Министр болууга ылайыктуу эле адам экен.
04.02.2021. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мурунку тышкы иштер министри жакшы иштеди эле ошол каякта жок болуп кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: