super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кош бойлуулардын көбү тамакка талгак болсо, мен күйөөмдү көргүм келбей калган...". Талгак убагындагы кызыктар

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Талгак убагындагы кызыктар" деген тема талкууга алынган.

Автордон: "Салам форумчулар бул теманы ачканымдын себеби, боюңарда болгон кезде талгак убакта кандай кызыктар болгон?
Мисалы, мен өзүм жөнүндө айта кетсем. Боюмда жаңы болгон кезде шоколад жегим келип, түнкү саат 11де ушунчалык таттуу жегим келип байкуш жолдошумду уктап жаткан жеринен ойготуп, шоколад алып келдиргем. Шоколадды көргөнүмдөн кийин табитим таркап, жегим келбей калган. Силерде ушундай кызыктуу окуялар болгон болсо жаза кеткиле"

Пикирлер: "Боюнда барлардын көбү тамакка талгак болсо, мен эң жакын адамым күйөөмдү көргүм келбей калган. Күйөөмдү көргөндө, жаныма жакындап мени кармаганда көңүлүм айнып кусуп жүрдүм. Экөөбүз эки бөлмөдө жатып жүрдүк, мен күйөөмдү көргөндө кача турган болуп калганмын. Өзүмө жакындатпай алыстан сүйлөшөт элек. Кээде күйөөм да мага капа болот эле. Мен үчүн ошол күндөр кыйын болгон, 3 ай кыйналдым кийин өтүп кетти, мен үчүн унутулгус күндөрүмдүн бири"

"Мен болсо биринчи баламда уйкуга талгак болгом. 8 -15 аптасына чейин сутканын 20-22 сааты уйку менен өтөт эле. Бишкекте энемдерден бөлөк турчубуз, билбейм эгер бирге туруп калганда кантмекмин. Ошогобу, азыр балам аябай эле уйкучу. Кызымда кесекке(гүлботого) талгак болгом. Ушул талгак болгон убакта аябай "капризный" болуп кетем. Күйөөмдү жаман кызгана турган болуп калам.Төрөгөнүмдөн кийин жакшы эле болуп калам".

Талкууга кошулуу үчүн бул жерди басыңыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: