super.kg logo

"Мектепке электрондук каттоо" өлкөнүн алты шаарында ишке ашат

 

2021-2022-окуу жылына карата "Мектепке электрондук каттоо" автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу балдарды 1-класска кабыл алуу 2021-жылдын 15-февралынан тартып башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдарды 1-класска кабыл алуу ушул жылдын 15-февралынан 15-августуна чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Токмок шаарларынын мектептеринде жүргүзүлөт.

"Мектепке электрондук каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системин (АМС) ишке киргизүүнүн негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы берүү уюмдарынын 1-классына кирүүдө балдарды каттоо, эсепке алуу жана маалыматты иштеп чыгуу. Ошондой эле ар бир баланын башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо. Балдарды мектепке киргизүүдө коррупциялык схемаларды минималдаштыруу болуп саналат.

Мындан сырткары "Мектепке электрондук каттоо" АМС мамлекеттик билим берүү кызматын ишке ашыруу үчүн акысыз программалык продукт болуп эсептелет", - деп жазылат маалыматта.

Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү – арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмунун биринчи классында орун алуу үчүн учурдагы жылдын 15-февралынан 15-августуна чейин онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg сайтында мектеп жашына жеткен (6-7 жана андан жогору жаштагы) баланы "Мектепке электрондук каттоо" АМСте каттоого;
  • баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алган күндөн баштап, учурдагы жылдын 5-сентябрынан кечиктирбестен мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмуна тиешелүү тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү.

"Мектепке электрондук каттоо" АМС программалык деңгээлде кийинки мыйзамдуу жеңилдикке ээ жарандарга артыкчылык берет:

  • аскер кызматчыларынын балдары, үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча;
  • тийиштүү маалымкатты берүү менен Кыргыз Республикасына көчүп келген, Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары.

Ошондой эле Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу шаарларындагы мектептерде 2021-2022-окуу жылына карата балдарды 1-класска кабыл алуу 15-апрелден 15-августка чейин "Мектепке электрондук каттоо" АМС аркылуу жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: