Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Улукбек Мариповго куттуктоо жөнөттү
Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Улукбек Мариповго Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Ал белгилегендей, Орусияны жана Кыргыз Республикасын достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер бириктирип турат.
"Сиздин өкмөттү жетектөөдөгү ишмердүүлүгүңүз эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык кызматташтыкты, Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы интеграциялык өз ара аракеттешүүнү мындан ары карай тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенем", - деп айтылат куттуктоодо.
Өкмөт төрагасы Михаил Мишустин премьер-министр Улукбек Мариповго ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу кызматтагы ийгиликтерди каалады.



1 |