super.kg logo

"Клипке тартылган кыздын атасы бизге ишенбей, тартуу иштери бүткөнгө чейин чогуу жүргөн". Султан Садыралиевдин "Досума" клибинин баяны

 

SUPER.KG cайтынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү ыр, клиптерди сунуштап баяндоону улантабыз. Бул жолу ырчы Султан Садыралиевдин "Досума" клиби тууралуу сөз кылабыз.

Ырчынын айтымында, "Досума" деген ыры мектепте окуп жүргөндө каза болуп калган жакын досунун жаркын элесине арналат. Досу түшүнө кирип, көп эстегенде ыр жазып, клип тарткан.

"Клип 3 күндө Чоң Чүй каналында тартылган. Анда сууга түшкөн унаа продюсерим Динара Эсенгулованын тууганынын унаасы болчу.

Бул клипти тартууда кызыктар аябай эле көп болду. Биз каналдын жанына барып крандарды жайгаштырып, даярданып жатканда эле элдин баары өздөрүнчө ызы-чуу болушуп, кырсык болду деп түшүнүп алышыптыр. Көчөдө өтүп бараткан машиналар да, жөө жүргүнчүлөр да бизди кайгылуу көздөрү менен аяп карап жатышты. Клипке тартылган кыз токмоктук болчу. Кыздын атасы алгач бизге ишенбей, кызын өзү алып келиптир. Клип тартуу учурунда жанында кошо жүрдү.

Клипте кызды төрөтканага алып бара жатканда халат менен тапичке кийгизип, курсагына бирдемелерди тыгып, “боюнда бар” кылып койгонбуз. Ошентип, төрөткананын жанында турса, биздин клип тартып жатканыбызды билбеген доктурлар кызды “жылуу кийин, эмне бул жерде турасың?” деп урушуп киришти. Анан биз түшүндүрсөк каткырып күлүп жатышпайбы.

Ал эми ыйлай турган жерине келгенде бир топ кыйналдым. Эркек болгондон кийин оңой менен ыйлай албайсың да. “Ыйлай албайм” десем көзүмө пияз сүртүштү эле, анда да жаш чыкпай койду".

Султан Садыралиевдин "Досума" клибин көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
04.02.2021. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озун пиязбек болсон чыкпайтда жаш.
04.02.2021. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Досу тушуно кирип коп эстегенде ыр жазып клип тартат дейт бул жагы тескери го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: