Ош-Бишкек унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп кетти (фото)






Ош-Бишкек унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-февраль күнү саат 17:15 чамасында Сузак районунун Топурак-Бел участкасында Ош-Бишкек унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Сузак району боюнча ӨКМнын кызматкерлери барып, өрттү өчүрүшкөн.
Өрт өчүрүү учурунда күйүп жаткан унаа күйүүчү май ташыган унаа экендиги такталган. Учурда материалдык зыян такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.