super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев өкмөттүн жаңы курамы боюнча: "Таң каларлык дайындоолор болду". АПТАСОБОЛ

 

Кечээ, 3-февралда Жогорку Кеңеш Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Президент Садыр Жапаров тийиштүү жарлыкка кол койду. Ошол эле күнү алар парламентте ант беришип, кызматка киришти. Мурда 22 өкмөт мүчөсү болсо, азыр 16 болду. Коомчулукта өкмөттүн курамы кыскартылып, министрликтер, мекемелер бириккени талкуу жаратууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өлкөдөгү абалды жакшыртууга өкмөттүк түзүлүштүн кардиналдуу өзгөрүшү өбөлгө боло алабы?" деген собол салды.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев өкмөт 100 күндүн ичинде эмне кылып жиберерин эч ким билбейт деген пикирде. "Садыр Жапаров өлкөнүн келечеги, анын өнүгүү жолдору, кадр саясаты жөнүндө түрмөдө жатканда айтып берген. Түрмөдөн чыккандан кийин ал жакта айткан сөздөрүн кайталап, бийликке таза адамдар ишке келет деп айткан. Бирок бүгүнкү күндө өкмөттүн курамы бекиди, эми коомчулук нааразы болуп жатат. Алар кылмыш кылгандар, пара алгандар бар деп айтышууда. Демек, алар президенттин айткан сөзү ишке ашпай калгандыгын көрүп таң калып жатышат. Президенттин дагы үстүндө таасир этчү адамдар бар болгондуктан алардын сөзү менен жанагы адамдар ишке келип жатат. Садыр Жапаров саясий душманчылыкка жана ар бир сын айткандарга каршы иш кылбайм деп айткан. Биз биригип иштейли деп айткан. Иш жүзүнө келгенде таң каларлык дайындоолор болуп жатат. Улукбек Марипов премьер-министр болуп келди. Эсептөө палатасы менен мамлекетти башкаруу деген өтө чоң нерсе.

Өкмөт 100 күндүн ичинде эмне кылып жиберерин эч ким билбейт. Бирок эл бүгүнкү күндө чыдамсыздык менен жакшылыкты күтүп отурат", - деди Какчекеев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: