Жалал-Абадда жаз айында жаңы унаа базары ишке берилет











Жалал-Абад шаарында март айында жаңы унаа базары ишке берилет. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан билдирүү таратты.
"Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү 3,5 гектар жер аянты унаа базарына даярдалууда. Учурда жерди тегиздөө иштери жол башкармалыгы тарабынан жүрүүдө. Мэр Эрнисбек Ормоков иштин жүрүшү менен жеринен таанышып келди. Муниципалдык жаңы унаа базарын март айында ишке берүү пландалууда.
Жаңы унаа базарда унаалар төрт жактан кирип-чыгат. Мында бардык шарттар түзүлүп, төлөм электрондоштурулган система менен ишке ашырылат. Каражат шаардык казынага түшүп, бюджетти көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Андан тышкары калаанын негизги көчөлөрүндө орун алып жаткан жол тыгынына бөгөт коюлат", - деп айтылат маалыматта.
