"Промзона" клубунун администрациясы мыйзамсыз объектилерди өз ыктыяры менен демонтаж кылышты
Бишкектеги "Промзона" клубунун администрациясы мыйзамсыз объектилерди өз ыктыяры менен демонтаж кылышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймак өзүм билемдик менен 3,583 чарчы метрге (35 сотыхтан ашык) кеңейтилген.
"2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы менен "Граунд" ЖЧКсынын ортосунда Чолпон-Ата көчөсүндөгү 0,036 гектар аянтты түзгөн жер тилкесин ижарага берүү жана 2,383 гектар жер тилкесин сатып алуу келишими түзүлгөн. Мындан тышкары "Ачыктык" ЖЧКсы аталган участокту сатып, алуу-сатуу келишими менен алган.
Тилекке каршы, аймак өзүм билемдик менен 3,583 чарчы метрге (35 гектардан ашык) кеңейтилген. Муниципалдык аймакта "Промзона" клубуна кирүүчү жай мыйзамсыз бекитилген, аянты 260 чарчы метрди түзгөн сахна орнотулуп, айкелдер жана отургучтар коюлуп, унаа токтотуучу жай жайгаштырылган.
Мындан тышкары 2005-жылдан бери ижарачы келишимдин шарттарын аткарган эмес, 15 жылдан бери муниципалдык аймакты пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмдөрү төлөнбөй келген. Прокуратура тарабынан прокурордун жообунун актылары киргизилген", - деп жазылат маалыматта.
