super.kg logo

Самара Каримованын арызын канааттандырган Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча ишти кароо жылдырылды

 

Биринчи Май райондук сотунун Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын арызын канааттандырган чечимин жокко чыгаруу боюнча ишти кароо жылдырылды. Тагыраагы, Маданият, маалымат, жаштар жана саясий иштери министрлигинин даттануу арызы 8-февралда каралат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

"Бишкек шаардык сотунан ишти кароо 8-февралга жылдырылганын билдирди", - дешти мекемеден.

Окуянын чоо-жайы:

15-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга директор болуп дайындалган. Ал 2018-жылы аталган окуу жайга жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, утуп алганы маалым болгон.

Ал арада Маданият, маалымат жана туризм министрлиги (азыркы Маданият, маалымат, жаштар жана саясий иштери министрлиги) Самара Каримованын арызын канааттандырган Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата даттануу арызын жазып, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Соттук отурум 3-февралга белгиленген.

Бирок эмгек жамааттын нааразычылыгынан улам Самара Каримова 25-январда кызматтан аргасыз баш тарткан. Ырчы кызматтан баш тарткан күндө деле соттук отурум өтөрү маалымдалган.

Кийинчерээк, Оштогу музыкалык окуу жайга 3 айлык мөөнөт менен Ильязбек Ташболот уулу директор болуп дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: