super.kg logo

"Орусияда кыргыз кызын бычактап кетишти" деген сүрөт тарады. ИИМ жабырлануучу ооруканада дарыланып жатат дейт

 

Социалдык тармакка жарадар болуп жаткан кыздын сүрөтү жарыяланып, анын каза болгону айтылууда. Андагы маалымат боюнча, окуя Орусияда орун алган. Интернет желесине тарап жаткан сүрөт жана маалымат боюнча Ички иштер министрлиги билдирүү жасады.

"2021-жылдын 2-февралында саат 15:28 чамасында Москва районунун Красногорск шаарындагы Павшинский бульварында белгисиз жаран 24 жаштагы Р.А. аттуу кызды белгисиз зат менен уруп, жаракат келтирген.

Жаракат алган 24 жаштагы Р.А. Кыргыз жараны болгон. Ал курсагынын алды жагына бычак сайылган жана кесилген деген диагноз менен ооруканада жатат, абалы туруктуу.

Аталган факты боюнча Орусиянын тергөө башкармалыгы тарабынан "курал же курал катары колдонулган буюмдарды колдонуу менен атайылап ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмыш кылган жаранды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат.

"Айрым жарандар жабырланган кыздын сүрөтүн интернетке жарыялап, аны каза болгон деп жазышууда. Жарандарды жалган маалымат таратып, дүрбөлөң чыгарбоого, тергөө аягына чыкканга чейин чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоого чакырабыз", - деп кошумчалашты мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.02.2021. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аман болгулачы чет жерде жургондор тооба
05.02.2021. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана жырткычпыз ээ "адамдар"?!
Кечээ эле Москвадан тагам киши колдуу болуп ,олугу келди.
05.02.2021. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүбүздүн өлкөдө ушундай кылмыштуу иш болуп изин суутуп кетсе издеп табышпайт анан бөлөк бөтөн эл кылмышкерди табышына шегим бар. Бечара кыз чындап эле ооруканада болсо тезирек сакайып кетсин дагы ушул кызыбызды өзүбүздүн жигиттер эле кордободу бекен.
05.02.2021. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда квартирада жалаң кыздар жашашат эле арасында жаны келген кыз бар болчу бир күнү көчөдө кетип баратышса мас кыргыз жигитти көрүшөт кыздар барар жерим аябай алыс суукта тоңуп калдым үйүңөргө батырып алгылачы десе кыздардын жаман ою жок үйүнө киргизишет кечинде бир кызга баягы эргул кол салат кыз кыйкырып баары ойгонуп баланы көчөгө чыгарып салышат баягы бала өчөшүп ошондогу кызды ондон ашык балага сабатып кыштын суугунда көчөгө таштап кеткен ошол нерсе табылбай эле калдыго.
05.02.2021. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыздарыбыз чет өлкөдө көрдүк корушуно биз кунолубуз Кыяматта аял киши үй бүлөсүнө жооп берсе биз эркектер баарына жоопкербиз кыздарыбыз кордук көрүп өлтүрүп кетип сойку болуп кытайга тийип да кетип атышат ошолорго да биз жооп беребиз кыяматта.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: