super.kg logo

Өкмөт Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча түшүндүрмө берди

 

Премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында Төрт-Гүл суу сактагычы тууралуу айтып жатып, каналдын башы өтүп кеткенин айткан. Депутат Тазабек Икрамов Төрт-Гүл суу сактагычы тууралуу маалымат берилиши керек деген маселени көтөрүп чыкты.

Бул боюнча өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

"Төрт-Гүл суу сактагычы Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Аталган суу сактагыч Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Премьер-министр Улукбек Марипов 1991-жылдын 16-майында кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү көйгөйүн билдирген. Бүгүнкү күндө аталган келишим боюнча тараптардын айрым пикир келишпестиги орун алган жана бул маселе өкмөт башчы тараптан эске алынган.

Буга катар өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү тарабынан аталган маселени мыйзам алкагында жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, Төрт-Гүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргыз өлкөсүнө тийиштүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
05.02.2021. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал качка отуп кетиптир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: