super.kg logo

"Арно" кыргыз тасмасы Гонконгдо кино индустриясында көрсөтүлөт

 

Кинорежиссёр Дальмира Тилепбергенованын "Арно" тасмасы Гонконгдо өтө турган HAF19 (Гонконг Азия киносун каржылоо форуму) кино индустриясында көрсөтүлөт. Бул тууралуу режиссёр Дальмира Тилепбергенова билдирди.

"Арно" тасмасы тандоо турунан өтүп, март айында өтө турган HAF19 кино индустриясында көрсөтүлөт.

"Бул долбоордо гендердик теңсиздик маселесине басым жасалат десек болот. Себеби тасмада беш кызы бар, бирок зарыгып уул күткөн үй-бүлө тууралуу сөз болот.

Аталган тасма март айында HAF19 фестивалында көрсөтүлөт. Учурда тандоо турунан өтүп, 100 долбоордун арасынан 21 тасманын катарына кирди. Фестивалга 21 тасма катышат. Эгер биздин тасма сынакта жеңүүчү болсо алар бул долбоорду толук бүтүргөнгө гранд бөлүшөт", - деди режиссёр Дальмира Тилепбергенова.

"Арно" тасмасынын сценарийи чыныгы жашоодон алынган. Анда 7 жаштагы Арно аттуу кыздын тарыхы баяндалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: