"Элдин алдында жүзүм жарык". Сыймык Жапыкеев аны каралоо болуп жатканын айтты
Бүгүн, 4-февралда жергиликтүү айрым маалымат каражаттары Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеевдин кармалышы күтүлүп жатканын жазып чыгышты. Андагы маалыматка ылайык, айрым жеке ишкерлерден Финполдун жетекчисине карата арыз түшкөн. Алар Сыймык Жапыкеев акча талап кылган, ири суммадагы пара алган деп көрсөтмө бергендиги айтылат.
Жогоруда тараган маалыматтардан кийин Сыймык Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
"Достор, ушундай каралоо күч алды. Коррупция жеңилет, буюрса. Коррупция менен күрөшүү оңойго турбайт. Бериптир, алыптыр менен иш бүтпөйт. Элдин алдында жүзүм жарык", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:48
2025-08-03
Рейтинг:
0

С Жапыкеевти колдобойм деле, просто адамдар акыркы кундору бироо жонундо не соз болсо анын чын тогунун билбей туруп ишенип алгандар кобойду...