super.kg logo

"Кечирип кой" деп обон созуп интернет жылдызына айланган Байзактын маеги

 

Интернет желесине төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин "Кечирип кой" чыгармасын дасторкон четинде отуруп ырдаган баланын видеосу жарыяланган.

Анда кичинекей баланын заңкылдап обон созуп жатканын көрүүгө болот. Тасма көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып, алкоосуна татыган. Ага жылуу сөздөрүн айтып, ийгилик каалагандардын саны арбын.

SUPER.KG порталы кичинекей баланы таап, апасы менен шаарга келген жеринен чакырып маектешти.

Интернет жылдызына айланган Байзак Кубанычбек уулу 13 жашта. Ал Жумгал районунун Беш-Терек айылынын тургуну. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң кенжеси.

Байзактын апасы Айсулуу Мураталиева уулунун интернетке чыккан видеосу тууралуу төмөндөгүчө айтып берди.

"Уулум биринчи жолу "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" деген ырды биздин жаныбызда эле отуруп ырдап калды. Атасы экөөбүз угуп, биздин балабыздын өзгөчө үнү бар турбайбы деп таң калып калдык. Анан интернетке жарыяланган видео болсо аяштарыбыздын үйүнө конокко барганбыз. Негизи мындай жерлерде ырдап эле жүрөт, анан бир аяшыбыз тартып алыптыр. Ал эжесине жөнөтүп, ошондон улам элге тарап кетиптир. Мен ушул жумурай-журтка ыраазычылык билдирет элем. Балам али жаш, ошого карабай аябай жакшы сөздөрүн айтып, жазып жаткандары кубандырды",- дейт Мураталиева.

Маекти толугу менен төмөнкү видеодон көрө аласыздар.


кошулду





Дасторкон үстүндө обон созуп, таланты баарын таң калтырган Байзактын маеги

Автор: Медина Найманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
SUPER.KG видео
05.02.2021. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байзак алып баруучу кызды суйуп калды. Козун албай карады го. Балалык таза суйуу ошол студиядан сыртка чыкпай калды (тамаша) Азаматтар. Кыргыздын таланттары тугонбосун
05.02.2021. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсың келечегин кең болсун
SUPER.KG видео
05.02.2021. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Байзак талантына баракелде. келечегин кен болсун. супер инфо жамаатына дагы рахмат ушул жигит менен байланыштырганына
05.02.2021. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Келечегин кен болсун. Конгуроодой унун очпосун! Сени тарбиялап, колдогон ата-энене алкыш!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: