super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр Улукбек Марипов беларустук кесиптеши менен жолукту

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу алкагында Өкмөт башчылар ар кыл тармактагы кыргыз-белорусь кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, эки өлкөнүн экономикалык потенциалын кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады жана эл кызыкчылыгын аркалаган ишиндеги ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчылар жакынкы арада Бишкек шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-белорусь өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын X кеңешмесин жана Ишкер форумун өткөрүүнү макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: