super.kg logo
  Саясат  

Юстиция министри Асел Чынбаева буга чейин кайсы жактарда иштеген? (өмүр баяны)

 

3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы жактырылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Юстиция министри Асел Чынбаева Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 1974-жылдын 7-майында туулган. 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "Укук таануу" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1998-1998-жылдары – Жогорку Кенештин депутатынын коомдук жардамчысы;

1998-2000-жылдары – Бишкек шаардык мэриясынын укук департаментинин алдыңкы адиси;

2000-жылы – "Айыл тургундарына укуктук жардам Хельвитас Швейцар эл аралык кызматташтык ассоциациясы" укуктук долбоорунун юристи;

2001-жылы – "Альянс-Транс" ассоциациясынын юристи;

2001-2004-жылдары – Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, кадрдык, укуктук иштер жана аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн алдыңкы адиси;

2004-2006-жылдары – Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кадрдык уюштуруу жана укуктук иштер бөлүмүнүн юридикалык иштер секторунун башчысы;

2006-2007-жылдары – президенттик аппараттын юридикалык бөлүмдүн укуктук анализ секторунун башчысынын милдетин аткаруучусу;

2007-жылы – премьер-министрдин аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн мыйзамды тутумдаштыруу жана кодификациялоо секторунун башчысынын милдетин аткаруучусу;

2007-жылы - премьер-министрдин аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн эксперти;

2007-2009-жылдары премьер-министрдин аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн укуктук анализ жана экспертиза секторунун эксперти;

2009-жылы – өкмөттүк аппараттын укуктук колдоо бөлүмүнүн эксперти;

2009-жылы өкмөттүк аппараттын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2010-жылы убактылуу өкмөттүн аппаратынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти;

2010-жылы президенттик аппараттын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти;

2010-2015-жылдары өкмөттүк аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;

2015-2016-жылдары – өкмөттүк аппараттын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү экспертиза секторунун башкы эксперти;

2016-2017-жылдары өкмөттүк аппараттын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы эксперти;

2017-жылы – өкмөттүк аппараттын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кодификация секторунун башчысы;

2017-жылы өкмөттүк аппараттын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2017-2019-жылдары өкмөттүк аппараттын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2019-2021-жылдары өкмөттүк аппараттын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: