super.kg logo

Чүйдүн Сокулук районунда ишканага кирип, кабель уурдаган шектүүлөр кармалды

 

Чүйдүн Сокулук районунда ишканага кирип, кабель уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Шопоков шаарындагы ишканалардын биринин өкүлү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. 22-январь күнү болжол менен саат 01:00 чамаларында белгисиз бирөөлөр ишканага киришип, кабелдерин уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 27 миң сомду түзгөн.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 20 жаштагы Б.А. жана Ж.Д. аттуу жарандар кармалган. Кармалган балдар уурдалган кабелдерди базарлардын бирине сатып жибергени аныкталган.

Териштирүү учурунда кармалган жарандардын дагы бир кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: