super.kg logo

"Айыл чарбасын каржылоо - 9" долбоорун ишке ашыруу башталды

 

"Айыл чарбасын каржылоо - 9" долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Аталган чечим жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү ишке ашыруу жана айыл чарба субъекттерин өз учурунда каржылоо максатында кабыл алынган.

Долбоордун максаттуу тармактары болуп мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү саналат.

Долбоор алкагында тармактарга жараша, жылына 6 пайыз, 8 пайыз жана 10 пайыз өлчөмүндөгү пайдалуу коюмдар менен 60 айга чейинки насыя мөөнөтү каралган:

• Мал жана өсүмдүк өстүрүү категориялары үчүн жылдык 10 пайыз үстөк;
• Долбоорго катышкан кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары менен келишимдерди жана контракттарды түзүүгө милдеттенген мал чарбачылыгы жана өсүмдүктөрдү өстүрүү категориясындагы чарбалык субъектилер үчүн жылдык 8 пайыз үстөк:
- өсүмдүктөрдү өстүрүү категориясындагы төмөнкү чарба субъектилери үчүн:
1) сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологиялары – тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу;
2) күнөскана чарбалары;
3) интенсивдүү багбанчылык;
4) органикалык айыл чарба өндүрүшү.
• кайра иштетүү тамак-аш өнөр жайы ишканалары үчүн жылына 6 пайыз үстөк каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: