super.kg logo
  Саясат  

Эсептөө палатасын маркум Медет Садыркуловдун кызы Айжан Садыркулова жетектемей болду

 

Эсептөө палатасынын төрайымынын милдетин аткаруу аудитор Айжан Садыркуловага жүктөлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 3-февралда кол койгон.

Буга чейин аталган палатаны Улукбек Марипов башкарып келген.

Садыркулова Эсеп палатасындагы аудитордук ыйгарым укуктары аяктаганга чейин жетекчинин милдетин аткарат. Ал 2016-жылдын апрель айында беш жылдык мөөнөткө аудитор болуп дайындалган.


Айжан Садыркулова - 2009-жылы киши колдуу каза болгон Медет Садыркуловдун кызы. Атасы президенттин администрациясынын жетекчиси болгон.
Садыркулова Айжан Медетовна 1979-жылы 15-апрелде Бишкек шаарында туулган.
2001-жылы Кыргыз-Орус Славян Университетин юриспруденция багыты боюнча аяктаган. Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Эмгек жолу:

2001-2004-ылдары - “Партнер” юридикалык фирмасы, адвокаттын жардамчысы
2004-2016-жылдары - Улуттук банкы, Юрист, юридикалык бөлүмдүн башчысы, юридикалык башкармалыктын жетекчиси, башкармалыктын мүчөсү
2016-жылдан ушул убакка чейин - КР Эсептөө палатасы, Аудитор.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: