Кыргыз-Өзбек өкмөт башчылары жолугуп, чек ара тилкелери тууралуу сөз болду
Премьер-министр Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Өкмөт башчылар соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык жана транспорттук тармактардагы эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулады.
"Кыргыз Республикасы өз-ара ишенимге негизделген чыныгы бир туугандык мамилелер менен сыймыктанат. Биз Өзбекстан менен мындан ары карай дагы стратегиялык өнөктөштүктү активдүү өнүктүрүүгө даярбыз", - деди Улукбек Марипов.
Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов өз кесиптешин премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз-Өзбек мамилелери жогорку ишеним деңгээлинде экендигин белгиледи.
"Өзбекстан президенти башында турган өзбек тарап кыргыз элин ар кандай башталышта колдоого алаарын жана эки элдин, өлкөнүн кызыкчылыгына дал келген бардык долбоорлорго колдон келген көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ишенимдүү түрдө билдире алам", - деди ал.
Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин тастыктады жана Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин юридикалык жактан тариздөөнү жыйынтыктоо боюнча ишти активдештирүү жана күчтөндүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Өзбек тарап Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди тийиштүү көлөмдө ташууну уюштурууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуу соңунда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз президентине Өзбекстанга сапар менен келүү чакырыгын берди.

