super.kg logo

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун өмүр баяны

 

3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы жактырылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 1975-жылы 28-августта Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында төрөлгөн. 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу

1993-1994 жылдары – Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн;

1998-2003 жылдары Финансы министрлигине караштуу финансы полициясынын башкармалыгынын Чүй облусу боюнча финансы полиция бөлүмүнүн Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча район аралык финансы полиция бөлүмчөсүнүн ыйгарым укуктуу оперкызматкери;

2003-жылы Финансы министрлигине караштуу финансы полициясынын башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча район аралык финансы полиция бөлүмчөсүнүн начальниги;

2005-2007-жылдары – Өкмөткө караштуу финансы полициясынын башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын бажы органдарындагы коррупция жана кыянаттык иштерди колдонуу, бажылык укук бузуулар менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;

2008-жылы – Баткен ОИИБнын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн уруксат берүү системи боюнча улук инспектору;

2008-2010-жылдары – Бишкек ШИИББнын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн лицензиялык-уруксат берүү тобунун инспектору;

2010-2011-жылдары – ИИМдин катчылыгынын министрдин жардамчысы;

2011-2014-жылдары – ИИМдин финансы-чарбалык башкармалыгынын начальниги;

2018-жылы – ИИМдин жетинчи башкы башкармалыгынын ыкчам-техникалык иш-чаралары башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

2018-2020-жылдары – ИИМдин жетинчи башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ыкчам-техникалык иш-чаралары башкармалыгынын начальниги;

2020-жылдын 14-октябрынан тартып ички иштер министри.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: