super.kg logo

АКШда жаныбарларды коргоочулар мышыктын өлүмү боюнча тергөө жүргүзүлсүн деген талап менен петиция жарыялашты

 

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы полицияга жаныбарларды коргоочулар иттер тарабынан таланып, өлүп калган мышыктын өлүмүн тергелишин жана иттердин ээлерин кармоо керектигин айтышып, петиция жарыялашты. Бул тууралуу New York Post газетасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Такседо аталышындагы агала мышык “Питбультерьер” породасындагы эки ит тарабынан январь айында таланган. Күбөлөрдүн айтымында, жаш жубайлар иттерин атайылап мышыкка карата коё беришкен жана мышык бакка чыгып өзүн коргоого аракет кылганда, жыгач менен түртүп аны жерге түшүрүп беришкен.

Айбанаттарга карата ырайымсыздык мамилеге каршы Animal Victory мекемеси жарыялаган петицияга азыркы учурда 16 миңден ашуун адам кол койду. Мекеме билдиргендей, петицияга кол койгондор АКШнын бардык штаттарынын жана 80ден ашуун мамлекеттин жашоочулары.

Ал эми, 4-февралда полициянын өкүлү бул окуя тууралуу тергөө жүрүп жаткандыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.02.2021. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бала кезде жөжөлөрдү жеп койгон мышыкты өлтүргөнүмдү булар билип калса каматып жибермек экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: