super.kg logo

Жалпы 2062 арыз келип түшкөн. Унааны сатып жибергенден кийин деле айып пул сизге келип жатабы?

 

Милициянын кайгуул кызматы жарандарга унаа сатып алганда ошол замат өзүнө каттатып, же сатып жатканда сатып алган жаранга толук кандуу өткөрүп берүүнү сунуштайт.

Маалыматка ылайык, жарандар мурдагы сатып жиберген унааларын жөн гана келишимдин негизинде саткандыктан ал унаанын документтеги мыйзамдуу ээси болуп калып, аны сатып алгандар тарабынан жасалган жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салынып, ал токтомду камтыган кат мурдагы саткан жарандын дарегине барып жатканын айтып, арызданып келгендер көп катталууда.

"Мындай кайрылуулар менен 2020-жылдын 12 ай ичинде 2 миң 62 арыз түшүп, анын ичинен 236 унаанын айдоочулары издөө бөлүмү тарабынан табылып, арыз ээлери менен жолугуштурулган. Анын ичинен 46 унаа сот аткаруу тутумуна жөнөтүлгөн. Калган авто унааларды издөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: