super.kg logo

Салыксыз соода кылгандар өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүшүүдө

 

Өткөн аптада "Ош базарынын" айланасында ишкерлик кылган бир топ соодагерлердин ордун мэрия күч менен тазалаган. Алар бүгүн мэрияга эмес, өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.

Куштаркан Полотова 15 жылдан бери кийим-кечек сатып, соода кылат. Ал өкмөт мамлекеттик базарды түзүп, ал жактан күнүмдүк ижара акысын күндө алып турган орундуктар болуусун талап кылат. Бул көйгөй боюнча расмий маалымат берүү үчүн Ленин районунун акиминин орун басары Алтынбек Мамытов митингге келди. Ал "Ош базарынын" тегерегинде 1628 соодагер эч кандай салык төлөбөй иштегени аныкталганын айтып, буларды кошумчалады.

"Биз соодагерлерге базарда орундуктарды түзүүгө аракет кылып, "Ош базарынан" алыс эмес жерден "Берекет Универсал" деген базарга 596 орундук түзүүнү пландап жатабыз. Мен 2020-жылдын сентябрында бул кызматка келгем жана жылдын соңуна чейин ушул көйгөйдү чечүүгө болгон аракетимди жумшайм", - деди ал.






Салыксыз соода кылган ишкерлер өкмөт үйүнө митинг өткөрүшүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: