super.kg logo

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов мамлекетке 893 миллион сом зыян келтирген деп айыпталууда

 
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго карата дагы бир кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ибраимов "Манас" эл аралык аэропортун жетектеп турганда мамлекетке 893 миллион сом зыян келтирген деп айыпталууда.

"Транспорт прокуратурасы чет элдик “Gata Airlines” компаниясына эл аралык каттамдар жана жүк ташуу үчүн жеңилдиктерди берүүдө "Манас эл аралык аэропортунун жооптуу кызматкерлери мыйзам бузганын аныктаган.

Аталган чет элдик компанияга мыйзамсыз жеңилдиктерди берүүнүн натыйжасында, "Манас" Эл аралык аэропорту 2016-жылдын 1-июнунан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта жогоруда көрсөтүлгөн коррупциялык схеманын кесепетинен 12 миллион доллар же 893 миллион сомдук ири өлчөмүндө мамлекетке зыян келтирилген. Аталган факты боюнча азыркы учурда шектүү катары "Манас" эл аралык аэропортунун дирекциясынын мурдагы башчысы Нурсултан Белеков кармалган.
Учурда бул соттук өндүрүш боюнча "Манас" эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Албек Ибраимовду, компаниянын мурдагы президенти Эмир Чукуевди жана башка жооптуу кызматкерлерди жоопко тартуу маселеси каралууда", - деп жазылат прокуратуранын маалыматында.
Эске салсак, Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин "Дастан" ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу коррупция үчүн айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылган.
Кийин ал октябрь окуялары учурунда абактан бошотулган. Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кайра абакка кайтышын талап кылган болчу. Бирок ал кайтып келбегенине байланыштуу кийин ага карата "Жаза өтөө жайынан качуу" беренесинин негизинде дагы бир иш ачылып, издөө жарыяланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
05.02.2021. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ашанын убагында иштеген бардык аткаминерлерди чукуса Кыргызстан карыздан эле кутулбай экинчи Швейцария боло турган экенбиз.
05.02.2021. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Арам акчалар тешип чыксын, ушулардын балдары кантип элдин бетин карайт болду экен.Атасы элдин акчасын уурдап багып жатканын билишет да
05.02.2021. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аэропорттон эле ушунча болсо мэр болуп турганда канча миллиардтын башын жеди экен.Атына заты жарашкан экен да ал дагы бек кат дегендей
05.02.2021. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул бир эле чети болсо кк. Жаап жашырып, соодалашпай текшерсе дагы коп болсо кк.
05.02.2021. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар биринен 100млн.доллардан өндүрүп койо бергиле эгер макул болушса ага көнбөсө мүлктөрүн мамлекетке өткөрүп аукцион аркылуу сатып карызды төлөө керек.
05.02.2021. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай кылмышкерлерди качырып жиберген жооптуу кызматкерлерди жоопко тартуу керек
05.02.2021. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапарды да камаш керек
05.02.2021. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал озу жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: